Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Ташкентте ШКУ алкагындагы коопсуздук талкууланууда


Бүгүн Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны өтөт. Кечээ эксперттер деңгээлинде жолугушуу болду.

Терроризм, маңзат соодасы, чек ара көйгөйлөрү, Борбор Азиядагы жалпы абал жана башка маселелер талкууланып жаткан жыйынга Кыргызстандан Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров катышат.

Өткөн жумада ШКУнун Антитеррор кеңеши да Ташкентте жыйынга чогулган.

ШКУга быйыл Өзбекстан төрагалык кылып жатат. 23-24-апрель күндөрү уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Ташкентте саммитке чогулат.

Нооруздун алдында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскерий техникасын жайгаштырып, абал чыңалган кезде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги ШКУ саммитине барбай турганын айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG