Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматын тапшырды. Ушу тапта ал парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатат.
Ал бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканына байланыштуу ушундай чечимге келгенин айтты.
Мыйзам боюнча бир туугандар бир учурда негизги мамлекеттик бийликтерди башкарууга укугу жок. (RK)