Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

УКМК террордук кооптуулуктун деңгээлдерин аныктады


Террорчулукка каршы операция учурунда.
Террорчулукка каршы операция учурунда.

УКМКнын маалымат кызматы кабарлагандай, көрсөтүлгөн эрежеге ылайык террордук кооптуулуктун деңгээлдери түстөр менен белгиленет. Анда ачык "көк" түс террордук актылар пландалганы тууралуу маалымат келсе коюлат. “Сары” түс террордук актылардын жасалгандыгы жөнүндө маалымат бышыкталса белгиленет. Ал эми "кызыл" түс террордук акттан жабыркагандарды куткаруу, анын терс кесепеттерин чектөө үчүн кооптуу аймакта аткарылчу иштерди белгилөө үчүн коюлат.

УКМК бул тартип теракт коркунучтарын өз убагында калкка кабарлап туруу, ага каршы күрөшкөн мамлекеттик органдар ортосунда бир түшүнүктү киргизиш үчүн иштеп чыкканын ырастоодо.

Жакынкы убактарда УКМК ушул тартиптин негизинде террордук кооптуу жагдайларда жарандар өздөрүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча кошумча эрежелерди иштеп чыкмакчы. (SDz)

XS
SM
MD
LG