Транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Аргынбек Малабаев кызматтан кетиши керек. Мындай пикирин бүгүн “Республика – Ата-Журт” фракциясынын жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбеков билдирди. Эл өкүлү Экмат Байпакбаевдин суроосуна жооп кылып өкмөт башчыга талапкер:
- Малабаев боюнча коалиция чечим кабыл алат. Мен алдын ала мындай болот деп айта албайм. Бирок жеке пикиримди айта турган болсом, министр Малабаев кызматтан кетиши керек – деп айтты.
Буга чейин транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Аргынбек Малабаев Балыкчы-Корумду жана “Манас” аэропортунун жолу боюнча тендердеги мыйзам бузууларга премьер-министр Темир Cариевдин тиешеси бар экенин ырастаган.
11-мартта Темир Сариев кызматтан кетип жатып жол чырынан улам Аргынбек Малабаевге ишеним артпастыгын билдирген. (SDz)