Ага өкмөттүн Баткен, Нарын, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин тийиштүү адамдары , жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция жана дин кызматкерлери катышууда.
Жыйында өлкөдөгү жашап жаткан ар улуттардын өкүлдөрүн мекенчилдикке үндөп, Кыргызстанды сүйүү багытында иш-чараларды уюштуруу, жергиликтүү жана мамлекеттик кызматтарда ар улуттун өкүлдөрүнөн кызматкерлер санын көбөйтүү сунуштары да айтылды. Конференция ЕККУнун колдоосу менен уюштурулган.
Иш-чарада конференция катышуучуларына Кыргызстанда жашаган ар улуттун кол өнөрчүлүк, тамак-аш жана сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, Айгүл коругу менен таанышуу да болмокчу. (JsA)