Европа коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандын куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын 73809-аскер бөлүгүнүн ракеталык-артиллериялык куралдары менен таанышты. Мындан сырткары делегация жеңил жана аткыч куралдардын керектөө пунктунда жок кылынышынын процессине күбө болушту.
ЕККУ өкүлдөрүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары полковник Нурлан Чомоев, Коргоо комитетинин төрага орун басары полковник Адылбек Курбанов коштоп жүрүштү.
Кыргызстан ЕККУ менен “Жеңил жана аткыч куралдар, ошондой ок-дарылардын корунун коопсуздугу боюнча” меморандумга кол койгон. Анын алкагында ЕККУ программанын аткарылышы менен жылына таанышып келет. (SDz)