Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Пакистандагы жол кырсыгы 19 өмүрдү алды


Пакистандын чыгышындагы Пенжаб провинциясында автобус менен жүк ташуучу машиненин кагылышуусунан кеминде 19 адам ажал таап, дагы бир канча киши жаракат алды. Бийликтер кырсык бүгүн Файзалабад шаарынан анча алыс эмес жерде болгонун кабарлады. Куткаруучулар автобус катуу ылдамдыкта жүргөн болушу мүмкүн деп болжошууда, кырсыктын себептери иликтенүүдө. Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөн кадрлардан автобус катуу талкаланганын көрүүгө болот.

Пакистанда жолдордун начардыгынан жана жол эрежелери сакталбагандыктан адам өмүрүн алган мындай кырсыктар тез-тез болуп турат.

XS
SM
MD
LG