14-16-апрелде өлкөдө абанын температурасы жогорулай баштайт. Мындан улам Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек-Ош жана Каракол-Эңилчек, Ала-Бука-Канышкыя автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Эртең 14-апрелде өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24;
Баткенде түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +12...+17;
Нарында түнкүсүн -3...+2, күндүз +14...+19;
14-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° жылуу болушу күтүлөт.