Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:08

Ош-Бишкек жолунда тажик жарандарын тоногон топ кармалды


Баткен облусунан Бишкек шаарына жол тартып бараткан кичи автобустагы кыргыз айдоочусу менен 22 тажик жаранын ок атуучу курал колдонуу менен коркутуп, тоноп кеткен топ камалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 9-апрель күнү Ош-Бишкек трассасынын 426-чакырымында тажик жарандары бараткан кичи автобусту Мерседес-Бенц 270Е үлгүсүндөгү унаа менен келген төрт жаран коркутуу жолу менен тоноп кетишкен. Айдоочудан 150 миң сом, тажик жарандарынан 59 миң рубль, 2 миң казак тенгесин жана 9 уюлдук телефондорун тартып алышкан. Бул багытта кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин натыйжасында 23-24 жаштардагы Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары камалып камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG