Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:35

Македон полициясы бозгундарга газ атты


Македония полициясы бозгундарды карай көздөн жаш агызчу газ менен аткан учур. 13-апрель, 2016-жыл
Македония полициясы бозгундарды карай көздөн жаш агызчу газ менен аткан учур. 13-апрель, 2016-жыл

Македония полициясы бүгүн Греция менен чек аранын ары жагында нааразылык билдирген бозгундарды карай көздөн жаш агызчу газ атты. Маалыматтарга караганда, жаңжал бүгүн 50 чакты мигрант чек арадагы тикенек зым тосмого жакындаганда чыккан.

10-апрелде да грек-македон чек арасына топтолгон жүздөгөн мигрант чек ара тосмосунан бери өтүүгө аракет жасаган учурда полиция менен кагылышуу чыккан. Анда да полиция качкындарга көздөн жаш агызчу газ жана чоюн ок атып, 300 чакты бозгун ар кандай жаракат алган.

Балкандагы өлкөлөр февралдын орто ченинен тарта чек арага чектөө киргизиши Европаны көздөй агылган миңдеген мигрант-качкындардын жолун тосуп койгон. Мындан улам негизинен Сириядан Түркияга өтүп, андан деңиз аркылуу Грецияга жол тартып, Европага өтүп кетүүнү көздөгөн бозгундар Греция менен Македония чек арасына топтолуп калган.

XS
SM
MD
LG