Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Ооган-тажик чегине жакын жерде жанкечтиликке даярдаган жай табылды


Ооган коопсуздук күчтөрү Тажикстанга чектеш Кундуз провинциясынын Дашти-Арчи районунда балдарды террорчулукка даярдап жатканы болжолдонгон медресени аныктаганын Кундуздун акими Асадулла Умархол жарыялады. Анын сөзүнө караганда, медреседе машинелерге мина орнотуу, жанкечти курларын даярдоо жолдору үйрөтүлүп турган. Ага Имронхон аттуу Пакистан жараны жетекчилик кылып турган.

Маалыматтарда Талибан командирлеринин бири молдо Жаннат Гола көзөмөлдөгөн бул медреседе 300 адам жанкечтиликке даярдалган. Диний окуу жай Талибан көзөмөлдөгөн аймакта жайгашкан үчүн өкмөттүк күчтөр анын ишмердигин токтото албай жатканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG