Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Филиппинде исламчыл экстремисттер эки туткундун башын алды


Полиция өлкө түштүгүндөгү Минданао аралындагы Бутиг шаарынан башы алынган эки адамдын денесин тапты. Бул жергиликтүү эки тургун 3-апрелде туткундалып кеткен эле. Полиция Бутигден Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобунукуна окшош кара байрактар да табылганын билдирди.

Мунун алдында "ал-Жазира" телеканалы Минданаодогу экстремисттердин көпчүлүгү аталган террордук топ менен байланышта экенин ырастаган.

Филиппиндин түштүгүндө 40 жылдан ашуун убакыттан бери жикчил козголоңчулар бийликке каршы куралдуу күрөш жүргүзүп келет. Бул аралыкта ал күрөштөрдөн 120 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG