Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Арменияда Орусияга каршы акция өттү


Армениядагы орус элчилигинин алдында кечээ Орусиянын кошуна Азербайжанга курал-жарак сатышын айыптаган нааразылык акциясы өттү. Ага жүздөгөн адам катышып, бул курал сатуу Тоолуу Карабакта 2-апрелдеги кагылышка алып келгенин белгилешти.

Акырында Орусия Азербайжанга курал сатуусун токтотууну талап кылган кайрылуу кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, Армения Орусия баштаган Евразия экономикалык биримдигине жана ЖККУга мүчө.

Орусия Азербайжанга 2009-2011-жылдардагы келишим боюнча жалпы суммасы 4 миллиард долларга тете курал-жарак жана аскер техникаларын саткан.

Орус премьери Дмитрий Медведев өткөн жумада Ереван сапарында Азербайжан менен келишимди коргоп, Москва чырлуу аймактагы аскерий тең салмактуулукту сактоо аракеттерин күчөтөрүн айткан.

Тоолуу Карабакта 2-апрелде тутанып, төрт күнгө созулган уруш ондогон адам өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG