Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Бүгүн Украинада жаңы өкмөт бекитилет


Украинада эки ири европачыл партия жаңы өкмөт куруу, анын башына азыр парламентти жетектеп турган, президент Петро Порошенконун союздашы Владимир Гройсманды дайындоо тууралуу бир пикирге келди. Бул тууралуу түндө Гройсмандын маалымат катчысы Дмитрий Солярчук Твиттерге жазды.

Жаңы өкмөт 10-апрелде коррупция жаңжалына жана өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилерге каршы күрөшкө байланыштуу отставкага кеткен Арсений Яценюктун министрлер кабинетинин ордуна келатат.

Коалиция жана өкмөт боюнча бир нече күндөн бери уланып келаткан сүйлөшүүлөр жыйынтыкталганын Украин парламентинин айрым депутаттары да бышыктады.

Жаңы өкмөттүн курамы бүгүн жарыяланат. (RK)

XS
SM
MD
LG