Кыргызстанда кечээ дайындалган жаңы өкмөттүн курамы дээрлик өзгөргөн жок. Парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы министрлерди тандоого убакыт жок экенин, ошондуктан азыркыларды эле ордунда калтыруу өтүнүчүн өзү келтиргенин айтты.
Ошону менен катар ал дагы карап көрөрүн, эгер жакшы иштебей жаткандар болсо өкмөттүн курамын өзгөртүүгө мажбур болорун кошумчалады жана жаңы дайындалган үч министрди өзү сунуштаганын билдирди.
Темир Сариев отставкага кеткенден кийин 13-апрелде Кыргызстанда жаңы өкмөт бекиди.
Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин ордуна Соцфонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин ордуна Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев, ал эми транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин ордуна Замирбек Айдаров келди. (RK)