Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Жогорку Кеңеш төрагалыгына эки талапкердин аты аталууда


Жогорку Кеңеште төраганы тандоо боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, бүгүн бул маселе парламенттин жабык жыйынында чечилет.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков кечээ Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти.

Анын ордуна негизги талапкерлер катары “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев аталууда.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков төрагалыктан баш тартканы белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG