Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Кыргыз-өзбек чек арасында кошумча станция курууну токтотуу талабы коюлду


Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун үстүндө жайгашкан Кербен-24 радиорелейлик станция күчтөндүрүлүп, кошумча станция куруу иши токтотулсун. Мындай талап менен Аксы райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясынын төрагасы жана Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешалы Озокеев президент баштаган бийлик жетекчилерине кайрылуу жолдоду.

Озокеевдин "Азаттыкка" айтымында, "кыргыз бийлиги мамлекеттик телеканалдар аркылуу Үңкүр-Тоодогу станция эч жакка көчпөсүн айтып, бирок Кербен шаардык кеңешинин депутаттарынан жаңы станцияга жер бөлдүрүп алды".

Кайрылууда Үңкүр-Тоо 2006-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда өзбек тарапка берилиптир деген кабар тарап жатканына байланыштуу элге так жана туура маалымат берүү талабы коюлду.

Эгер бийлик бул жагдайга маани бербесе аксылыктар арасында нааразылык күчөп, кайрадан митингдердин чыгуусуна шарт жаралат деп айтылат кайрылууда.

Кербен шаардык кеңеши өкмөттүн суранычы боюнча 1-апрелдеги кезексиз сессиясында Ителги тоосунан кошумча станция курууга жер бөлүп берген болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG