Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Шайназаров: Кара пиарды токтотуп, бир талапкерди аныктайлы


Жогорку Кеңеш жыйыны.
Жогорку Кеңеш жыйыны.

Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаров 14-апрелде парламенттин жалпы отурумунда айтып, ЖК төрагалыгына талапкерди коалициянын жыйынында аныктоону сунуштады.

Шайназаров өкмөттүн түзүмү, программасы жана башчысы ынтымакта, тынч шайланганын белгилеп, эми спикерди да ынтымак менен шайлоого чакырды:

-Коалициялык келишим бар. Анын 5-бөлүмүндө жазылган, фракциянын чечиминин негизинде коалициянын курамы чакырылат деп. Спикерликке бирдиктүү талапкерди коалициянын жыйынында ынтымакта, мыйзам чегинде чечишип алалы. Кара пиарды баштабай, урушпай, жаңжалдашпай, бир талаперге токтоп, пленардык жыйынга алып чыгалы.

13-апрелде Асылбек Жээнбеков бир тууганы өкмөт башчылыкка келгенине байланыштуу ЖК төрагалыктан кеткен. Парламенттеги беш фракциядан спикерликке эки талапкер ат салышууда. “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев, экөө тең коалициялык көпчүлүктүн мүчөлөрү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG