Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Жалал-Абад: Сарыкамыш айылына алгачкы жолу электр жарыгы жеткирилди


Ноокен районунун Сарыкамыш айылына алгачкы жолу электр линиясы тартылып, жарык жеткирилди. Бул тууралуу райондук акимчиликтен "Азаттыкка" билдиришти.

Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр участкасынан 15 чакырымдай алыстыкта тоо арасында жайгашкан Сарыкамыш айылы чырак менен күн кечирип келишкен. 200 түтүн эл жашаган айылга бюджеттен 7 млн. сом каралып, тоо башына мамыларды орнотуп, электр зымдарын тартууну мамлекеттик курулуш ишканасы колго алып, ага жергиликтүү тургундар кол кабыш кылышкан.

Маалыматта айтылгандай, алдыда Аксы районуна караштуу Кызыл-Бейит, жана Базар-Коргон районунун Жаз-Кечүү айылдарына жарык жеткирүү маселеси турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG