Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Кыргыз-өзбек алакасын жакшыртуу маселеси каралды


Ташкентте Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров өзбекстандык кесиптеши Виктор Махмудов менен жолукту. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, жолугушуу өзбек тараптын демилгеси менен уюштурулду.

Тараптар аймактык коопсуздук боюнча ой бөлүшүп, эки өлкөнүн ортосунда бар көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү керектигин айтышты. Эки өлкөнүн өкүлдөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

Бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун 11-жолугушуусу Ташкент шаарында өтмөкчү. (SDz)

XS
SM
MD
LG