Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Батирди мейманканага айланткандарга айып салынат


Мейман бөлмө.
Мейман бөлмө.

Жогорку Кеңеште көп батирлүү турак жайларды ижарага берүү тартибин ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаевдин айтуусунда, турак жайларды ижарага берүү көйгөйлөрүн жөнгө салуу маселеси эбак эле бышып жетилген.

- Көп батирлүү турак жайларды өз багытынан башка максатта ижарага берүү жосунун тартипке салуу, тагыраак айтсак, бардык жактардын жоопкерчилигин жогорулатуу менен, административдик айып өлчөмдөрүн көбөйтүү чаралары каралды. Эгерде батирди мейманкана же дагы бир кызмат көрсөтүүчү жайга айлантса, акчалай айып салынат,- деп айтты Рыспаев.

Рыспаев көп батирлүү үйлөрдү өз багытынан башка максатта ижарага берген жарандарга 5 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейинки өлчөмдө административдик айып салынарын кошумчалады. Айрым депутаттар айыпты дагы жогорулатуу керек деген сунуш айтышып, долбоорду биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүштү. (SDz)

XS
SM
MD
LG