Полициянын маалыматында айтылгандай, алар мигранттардын Венгрияга жана Европа биримдигинин башка аймактарына мыйзамсыз кирүүсүнө көмөк көрсөтүшкөн. Аларга чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана адам аткезчилиги менен алектенүү боюнча айып тагылды.
Күч органдары 14-апрелде тараткан кабарга ылайык, колго түшкөндөр Косово, Азия жана Африкадан келген мигранттардан 900дөн 1200 еврого чейин акча алышкан.
Бейпил жашоо издеген бозгундар Балкан мамлекеттери чек араларды жаап салгандан кийин аткезчилерге кайрыла баштаган.