Кыргызстанда адамды оор абалга чейин токмоктоп, тартип сакчылар тарабынан издөөдө жүргөн жаран Орусиянын аймагында кармалды. Орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, кылмыш кылган адам Алтай аймагында кармалган. Буга чейин ал эл аралык издөөгө алынган эле.
Маалыматта айтылгандай, ага Кылмыш кодексинин “атайылап денеге оор залал келтирүү” беренеси менен иш козголду. Учурда кармалган адамды Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси каралууда. Аны алты жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда. (SDz)