Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Атамбаев жаңы премьер-министр менен жолукту


Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.
Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Премьер-министр мамлекет башчысына өкмөттүн программасынын негизги багыттары жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча мындан аркы иш чаралар тууралу маалымат берди.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Атамбаев аткаруу бийлик органдарынын борбордо жана жер-жерлердеги иш ыраатын камсыздоону, антикризистик чараларды ыкчам жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле жазгы талаа иштерин өз маалында бүтүрүш үчүн фермерлер менен айылдыктарга зарыл шарттарды түзүүнүн маанисин белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчысы жол курулуш чөйрөсүндөгү ири долбоорлорду иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу иштерин жакшыртууга көӊүл бурду. (SDz)

XS
SM
MD
LG