Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Эл аралык укук коргоочулар "Чет элдик тыңчы жөнүндөгү" мыйзамды кабыл албоого чакырды


Эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандын парламентин “Чет элдик тыңчы жөнүндөгү” мыйзамды кабыл албоого чакырды.

Кыргыз бийлигинин жана Жогорку Кеңештин атына жасалган кайрылууну Адам укуктары боюнча эл аралык федерация жана Кыйноолорго каршы эл аралык уюм жолдогон. Кайрылууда жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын иш алып баруусун чектейт деп жазылган.

- Мыйзамдагы жаңы түзөтүүлөр өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылат. Бул долбоор коомчулук тарабынан бейөкмөт уюмдарга терс көз караштарды жаратат. Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары жарандык коомдун иш алып баруусуна жолтоо болбошу керек – дейт Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын президенти Карим Лахиджи.

Ушундай эле пикирди Кыйноолорго каршы эл аралык уюмдун башкатчысы Жеральд Стейброк билдирип, Жогорку Кеңешти бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө чек койгон мыйзамды кабыл албоого чакырды.

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "тыңчы" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган мыйзам долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан.

14-апрелде Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды экинчи окууда кабыл алды.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчы ага кол койсо күчүнө кирди деп эсептелет.

Бүгүн жыйырмадан ашык жергиликтүү бейөкмөт уюмдар да Кыргызстандын жогорку бийлигине кайрылуу жолдоп, эгер аталган мыйзам кабыл алынса, Кыргызстан адам укуктарын бузган тоталитардык өлкөгө айланары белгиленген. (SDz)

XS
SM
MD
LG