Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Путин орус экономикасынын абалы жакшы эместигин белгиледи


Путиндин эл менен теле баарлашуусу.
Путиндин эл менен теле баарлашуусу.

Орусия президенти Владимир Путин мамлекеттин экономикасы азырынча мактанарлык эместигин айтып, бирок ийгиликтүү көрүнүштөр бар экенин белгиледи. Бул тууралуу бүгүн калк менен түз байланыш учурунда билдирди. Быйыл 1,4 пайыз өсүү күтүлүп жатканын белгилеген Путин экономика азырынча "боз тилкеде” деп кошумчалады:

-Себеби, кырдаал оңдолуп кеткен жок. Ошентсе да, натыйжалуу көрсөткүчтөр бар.

Орус мамлекет башчысы Крымга көпүрө салуучу компания кыйынчылык менен табылганын да белгиледи.

Сирия боюнча да оюн билдирип, бул мамлекет тынчтык сүйлөшүүлөрүнө муктаж экенин, жаңы Конституция кабыл алынып, анын негизинде шайлоо өткөрүү зарылдыгын кошумчалады.

Түркия менен ымала боюнча берилген суроого жооп берип жатып, Анкара Москванын досу экенин, болгону айрым түрк аткаминерлеринин туура эмес аракеттеринен улам жарака пайда болуп жатканын айтты.

Бүгүн Владимир Путин салтка айланып калган түз байланышка чыккан. Анын маалымат катчысы Дмитрий Песков элден миллиондон ашуун суроо келгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG