Кыргызстанда тышкы сооданын жана экспорттун көлөмү азаюуда. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, январь-февраль айларында тышкы соода жүгүртүү 613 млн доллар болду.
Бул былтыркы жылдын алгачкы эки айына салыштырганда дээрлик 27% төмөн.
Ошону менен катар өлкөдөн сыртка товар экспорттоо алгачкы эки айда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 18% кыскарды жана 203 млн долларды туздү.
Буга алтын, пахта, сүт азыктарын жана жашылча-жемиштерди сыртка сатуу көлөмү азайганы себеп болду. (RK)