Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:30

Хоккей: Кыргызстан "Азия чакырыгы" кубогун утту


Мелдештин катышуучулары
Мелдештин катышуучулары

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы "Азия чакырыгы" кубогуна арналган мелдештин жеңүүчүсү болду.

Мелдеш 9-14-апрелде Бишкектеги шаардык музмайданда өттү. Ага Макао, Малайзия, Катар, Индия жана Кыргызстандын командалары катышты.

Жыйынтыктоочу мелдеш күнүндө кыргыз хоккейчилери Макао курамасы менен беттешип 8:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул оюндан кийин Кыргызстандын оюнчулары 12 упай менен көч башын жетектешти.

Макао курамасы менен болгон оюнга чейин Кыргызстан Индияны 11:1, Катарды 9:0, Малайзияны 9:5 эсебинде жеңип алган.

Мелдештин күмүш байгеси 9 упайы бар Малайзия курамасына ыйгарылды.

Коло байге беш упай топтогон Макаого буюрду.

Төртүнчү орунда Катар, бешинчи орунда Индия курамалары жайгашты.

Кыргызстандын командасы бул кубокту жеңүү менен Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого жолдомо алды.

"Азия чакырыгы" кубогунун оюндары Бишкекте экинчи жолу өттү.

2014-жылы Бишкекте болгон мелдештин финалында Макао Кыргызстан курамасына 5:4 эсебинде жеңилип калган. Былтыр Кувейте болгон мелдеште кыргыз хоккейчилери коло медалды тагынышкан. (ECh)

XS
SM
MD
LG