Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Депутаттар бош батирлердин маселесин чече элек


Турак жай.
Турак жай.

“Республика - Ата-Журт” фракциясынын бүгүнкү отурумунда Жогорку Кеңештин түзүмүн оптималдаштыруу чечимин ишке ашыруу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын аткарылышы каралууда. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кожомкулов жалпысынан депутаттарга 37 кызматтык батир бөлүнгөнүн айтып, анын ичинен 17 турак жайда гана эл өкүлдөрү жашап жатканын билдирди.

Депутат Кенжебек Бокоев бош турган батирлерди сатуу демилгесин көтөрүп, ашыкча батирлер эл өкүлдөрү үчүн кереги жок экенин кошумчалады. Бирок бул сунушка фракциянын башка мүчөлөрү көнбөй, чечим боюнча шашылбай туруу кеңешин беришти.

Буга чейин парламент депуттарынан эң көп КСДП фракциясынын депутаттар кызматтык турак жайда жашап жатканы маалым болгон. Аталган фракциянын 14 мүчөсү депутаттык батирде жашаса, алардын ичинде бир нече чакырылыштын депутаттары бар экени айтылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG