Чек ара кызматынын Чүй отрядында эртең “Дин жана коопсуздук” аттуу семинар өтөт. Эртең 16-апрелде өтө турган иш-чарага руханий маданиятты өнүктүрүү “Ыйман” фонду, УКМК, муфтият жана чек арачылар катышат.
“Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, терроризм жана экстремизм менен биринчи кезекте чек арачылар күрөшүп жаткандан кийин аларга кенен маалыматтарды түшүндүрүү зарыл.
"Биздин чек арачылардын динге мамиле, исламдын өлкөнү коргоодогу орду жана башка жөнөкөй суроолорго жообу болушу керек. Семинарда экстремизм жана эл аралык терроризм тууралуу түшүндүрмөлөр берилет. Ошол эле учурда армияда көптөгөн суроолор бар. Алсак суицид темасында да баарлашуу болот, анын акыбети кандай болот, сабырдуулук темасы дагы семинарда чагылдырылат",- деди Нуржигит Кадырбеков.
Айта кетсек аталган иш-чара дин тармагындагы мамлекеттик саясатынын концепциясынын негизинде ишке ашууда. (SDz)