Казак президенти Нурсултан Назарбаев Ташкенге эки күндүк сапар менен келди.
Ак ордонун басма сөз кызматы кабарлагандай, казак -өзбек президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө эки тараптуу соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, аймактык коопсуздук маселелери талкууланды.
Эки лидер мындан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун 23-24-июнда Ташкенде өтүүчү саммитине даярдык иштерин да сөз кылышты.
Каримов Назарбаевдин Ташкенге келишин дүйнөлүк экономикадагы кризистик кырдаалды эске алганда “туура чечимдердин биргелешип издөө боюнча пикир-алышуу үчүн” зарыл иш катары мүнөздөдү.
Казак президенти өзбек борборуна Иранга жана Түркияга жасаган сапарынан соң келди. (UE)