Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Ош: экс-мэрлерге таандык медициналык мекемелер кайтарыла элек


Оштун акыркы төрт мэринин тушунда менчиктештирилген медициналык мекемелердин көбү мамлекетке кайтарыла элек. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2003-жылдан 2013-жылга чейинки аралык саламаттыкты сактоо мекемелерине таандык болгон 20 имарат мыйзамсыз сатылып же ижарага берилип кеткен. Маселен, Жантөрө Сатыбалдиев мэр болуп турган учурда 3, Жумадыл Исаковдун тушунда 6, Сатыбалды Чырмашевдин тушунда 5, Мырзакматовдун тушунда 1 медицина тармагына таандык мүлк жеке менчикке мыйзамсыз берилгени айтылат.

Булар боюнча соттук териштирүүлөр дагы деле жүрүп жатат. Айрым мүлктөр боюнча кылмыш ишин козгоо мөөнөтү өтүп кеткен. (YI)

XS
SM
MD
LG