Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Армения Тоолуу-Карабакта бир аскери өлгөнүн билдирди


Армян аскерлеринин Тоолуу-Карабактагы көзөмө бекеттеринин бири. 8-апрель, 2015-жыл.
Армян аскерлеринин Тоолуу-Карабактагы көзөмө бекеттеринин бири. 8-апрель, 2015-жыл.

Армения колдогон жикчилдердин айтымында, алардын бир аскерин Тоолуу-Карбактагы азери күчтөр өлтүргөн.

Ушул айдын башында Азербайжан күчтөрү менен Армения колдогон жикчилдердин акыркы бир нече жылдагы эң ургаалдуу атышуулары учурунда эки тараптан тең ондогон кишинин өмүрү кыйылган.

Ок атышууну токтотуу боюнча Орусия ортомчулук кылган макулдашуу 5-апрелден бери жалпысынан сакталса да маал-маалы менен бузулуп жатат.

Негизинен армяндар жашаган Тоолуу Карабак Азербайжандан 1990-жылдардагы согуштун натыйжасында ажырап кеткен. Андагы уруштарда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG