Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Ысык-Көлдөгү эки айылдын окуучулары мушташты


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көл районунун Семеновка айылында 13-апрель күнү кечинде окуучулар арасында массалык мушташ болгон. Ага Семеновка менен Кашат айылдарындагы орто мектептин жогорку класстын окуучулары катышкан.

Семеновка айыл өкмөтүнүн башчысы Анвар Турдакуновдун айтышынча, Кашат айылындагы өспүрүмдөр Семеновка айылына мушташ уюштурууну пландап келген. Мушташ учурунда 2 өспүрүм жеңил жаракат алып, учурда милиция кызматкерлери окуянын себебин тактап жатат.

Ысык-Көл РИИБсынын жетекчиси Таалайбек Нуралиевдин “Азаттыкка билдиришинче, окуя боюнча азыркы учурда Семёновка айылында милиция иш алып барууда. Тартип сакчылар эки айылдын аксакалдар жана аялдар кеңеши, тийиштүү укук коргоо орган кызматкерлери, ата-энелердин катышуусунда жыйын өткөрүп, териштирүүлөрдү баштады. (AsM)

XS
SM
MD
LG