Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Токтогул: митингчилерге бийликтен келген жок


Токтогулдагы митинг.
Токтогулдагы митинг.

Токтогул районунун борборунда өткөн бүгүнкү митингге жергиликтүү бийлик тараптан эч ким келген жок. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Миргазы Өзүбеков кабарлады. Натыйжада митингчилер өзүнүн талаптарын кагазга жазып, Токтогул районунун акимине тапшырышты. Өзүбеков кошумчалагандай? митингге чыккандар эки талап коюшту.

- Негизинен эки пункт менен талапты койдук. Анын бири бизге электр жарыгын Токтогул ГЭСинен өндүргөн баада берсин жана Чолпон-Ата айылындагы Узун-Акмат алтын кенин иштетпөө талаптарын койдук. Биз Узун-Акмат кенинин алдында уран калдыгы бар экенин айтып келатабыз. Бул союз учурунда эле тастыкталып, кен казууга тыюу салынган.

1998-жылы Токтогул районуна жана Жазы-Кечүү айылына өзгөчө статус берилген. Мыйзам 1999-жылдын январь айынан тарта күчүнө кирген. Анда "Токтогул жана Жазы-Кечүү айылдарынын тургундары менен аймактагы электр насостук станцияларына электр энергиясы ГЭСтен өндүрүлгөн баасында берилсин" деп жазылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG