Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Кыргызстан -Тажикстан терроризм менен күрөшүүдө кызматташат


Ички иштер министри Мелис Турганбаев тажикстандык кесиптеши Рохимзадо Рамазан Хамро менен жолугуп, биргелешкен жыйын курду.

Тажикстандын Согди облусунда өткөн жолугушууда тараптар эл аралык терроризм, мыйзамсыз экстремисттик топтордун катарына кошулуп жаткан жаштар агымына бут тосуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, курал-жарак жана маңзаттарын ташуунун алдын алуу багытында атайын иш-мерчемдер карады. Мындан тышкары бул иштерди турмушка ашыруу үчүн эки өлкө ички иштер кызматтарынын өкүлдөрүнөн турган координациялык жумушчу топ түзүлдү.

Чек аралаш аймактагы укук коргоо кызматкерлери кылмыштардын алдын алуу жана кошуна турган калктын ынтымагын бекемдөө багытында да иш алып баруусу белгиленди. Тараптар биргеликте иш жүргүзүүнү коллегиялык жыйында атайын келишимге кол коюп тастыктады. (JsA)

XS
SM
MD
LG