Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Орусияда уулангандардын арасында төрт кыргызстандык бар


Москвада тамак-аштан массалык уулануунун натыйжасында 73 адам жабыркап, көпчүлүгү ооруканага жаткырылыды. Алардын басымдуусу Борбор Азиядан келген мигранттар, арасында төрт адам Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов билдирди.

- Ууланган төрт кыргызстандык учурда ооруканада. Алардын абалы канааттандырарлык. Жалпысынан 49 адам ооруканага жаткырылды. Биздин төрт жарандын баары тең 20-30 жаштагы жигиттер.

Буга чейин орус басылмалары уулангандардын саны 100гө жеткенин жазган. Алар Москвадагы курулуш компаниясында иштеп, кечки тамактан ууланышы мүмкүндүгү айтылган. Айрым басылмалар мигранттар болгон окуя тууралуу ачык маалымат берүүдөн баш тартып жатканын кабарлашты. (SDz)

XS
SM
MD
LG