Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

ЖККУнун аскерий комитети Арменияда жыйын курду


Президент Серж Саркисян жана ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа. Ереван, 15-апрель, 2016-жыл.
Президент Серж Саркисян жана ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа. Ереван, 15-апрель, 2016-жыл.

Орусия, Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан мүчө Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун Аскерий комитетинин өкүлдөрү кезектеги отурумун 15-апрелде өткөрүштү. Анткени уюмда быйыл Армения төрагалык кылууда.

ЖККУнун маалымат кызматы билдиргендей, Аскерий комитеттин өкүлдөрү Ереванда быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде кайрадан чогулушат.

Кеңешменин катышуучуларын жума күнү президент Серж Саркисян кабыл алып, “Кавказ чөлкөмүндөгү стабилдүүлүктү камсыздоо”, ЖККУнун аскерий ишмердигин чыңдоо маселелери боюнча пикир алышуу жүрдү.

ЖККУнун Еревандагы азыркы кеңешмеси Тоолуу Карабактагы соңку атышуулардан улам Армения менен Азербайжандын мамилеси чыңалган маалга туш келди.

Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Шаварш Кочаряндын айтымында Ереван Тоолуу Карабак чатагында «ЖККУга таянбайт».

Ушул ай башында Азербайжан күчтөрү менен Армения колдогон жикчилердин акыркы бир нече жылдагы эң ургаалдуу атышууларында эки тараптан ондогон кишинин өмүрү кыйылган.

Ок атышууну токтотуу боюнча Орусия ортомчулук кылган макулдашуу 5-апрелден бери жалпысынан сакталса дагы маал-маалы менен бузулууда.

Армения колдогон жикчилердин айтымында, 14-апрелде алардын бир аскери Тоолуу-Карбактагы азери күчтөрү тарабынан өлтүрүлдү.

Негизинен армяндар жашаган Тоолуу Карабак Азебайжандан 1990-жылдардагы согуштан кийин ажырап кеткен. Андагы уруштарда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG