Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Жапониянын түштүгүндө кайрадан жер титиреди


14-апрелдеги зилзаладан кийинки кыйроолор.
14-апрелдеги зилзаладан кийинки кыйроолор.

Жергиликтүү убакыт боюнча 16-апрелдин таңындагы алгачкы жер силкинүүсүнүн күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,1 баллды, андан бир аздан соң экинчи силкинүү 7,4 баллды түздү.

Зилзаладан кийинки ыктымал кыйроолор, жоготуулар тууралуу маалымат түшө элек. Аймакта электр кубатын берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланды. Жер титирөөнүн очогу Кумамото шаарына жакын болду.

Бийликтер бүгүн таңдагы жер силкинүүсү артынан өлкөнүн түштүк –батыш жээгинде цунами коркунучун эскертип, бирок эскертүү кайра алынды.

Жапониянын түштүгүндө 14-апрелде да жер силкинип, күчү 6,4 баллды түзгөн зилзаладан кеминде тогуз адам өлүп, бир миңден ашуун киши жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG