Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

Жалал-Абадда футзал боюнча өлкө биринчилиги өтүүдө


Жалал-Абад шаарындагы облустук милицияга караштуу спорт залда өлкөнүн биринчилиги үчүн футзал боюнча мелдештер өтүүдө.

Кечээ башталган оюндун жүрүшүндө Жалал-Абаддын “Динамо” жана Бишкектин “Эмгек” командалары беттешип, жыйынтыгында 10:4 эсебинде "Динамонун" жеңиши менен аяктады. Ал эми кечинде “Динамо” Бишкектин «Фарвартор» командасы менен бет келишип, 5:5 эсебинде тең чыгышты. Бүгүн болсо “Динамо” менен Ысык-Көлдүн “Мурас” командалары оюн талаасына түшөт. Мелдешке жалпысынан беш команда катышууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG