Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Чүй облусунун 90 жылдыгы белгиленет


Чүй облустук дене тарбия жана спорт комитетинен “Азаттыкка” билдиришкендей, бул датанын алкагында Чүй облусунун райондорунда март айынан бери маданий иш-чаралар, спорттук таймаштар уюштурулуп келе жатат.

Бүгүн Сокулук районунда көкбөрү боюнча оюндар өтүүдө. Мындан тышкары апрель айынын соңуна чейин кунан чабыш, аламан байге, футбол, волейбол оюндары боюнча мелдештер болот. Спорт таймаштарынын жеңүүчүсүнө автоунаа жана акчалай сыйлыктар берилет.

Спорттук мелдештин жыйынтыктары чыккан соң 90 жылдык маараке салтанаты 27-майда белгиленет.

Чүй облусу 1939-жылы 21-ноябрда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен Фрунзе облусу болуп, кийин 1959-жылы жоюулуп, 1990-жылы азыркы аты менен белгилүү. (AzK)

XS
SM
MD
LG