Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Борбор Азиядагы Америка университетинин мектеби ачылууда


Борбор Азиядагы Америка университети 2016-2017-жаңы окуу жылына карата 8-класстан жогорку мектеп окуучулары үчүн «Билимкана» аттуу мектебин ачууда.

Мектепке кабыл алуу сынактары 17-апрель күнү эртең менен аталган университеттин жаңы кампусунда өткөрүлөт. «Билимкана» мектебинин директору Татьяна Пактын «Азаттыкка» айтканына караганда, быйыл мектепке 120 бала кабыл алынат.

"Эртеңки кабыл алуу сынактары англис, орус тили жана математика боюнча болот. Жалпысынан 60 суроо берилет. Бүгүн сынакка катышууну каалагандарды каттоонун акыркы күнү. Ата-энелер арыз жазышы керек. Эртең окуучулар карандаш, туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен эле келишет", - деди Татьяна Пак.

Аталган мектептин бир жылдык келишимдик баасы 5 миң доллар деп бааланып жатат. Ал эми сынакты ийгиликтүү тапшыргандарга арзандатуулар болору да маалымдалды. (BCh)

XS
SM
MD
LG