Вашингтондо жума күнү чогулган "Чоң жыйырмага" мүчө өлкөлөрдүн финансы министрлери офшордук каржы индустрия системасын жөнгө салууга багытталган кадамдарды колдошту. Анын максаты - акчаны чыгарып кетүүнү токтотуу жана кирешени салыктан жашырууга бөгөт коюу.
Расмий коммюникеге ылайык, офшордук компаниялардын ээлеринин чыныгы ысымдары ачыкка чыгарылат. Министрлер тийиштүү маалымат менен бөлүшкүсү келбеген, эл аралык салык баш калкасы эсептелген мамлекеттердин тизмесин түзүүнү чечишти.
Офшордук компаниялардын кожоюндарынын ысымдарын ачыкка чыгаруу эл аралык каржылык системанын бүтүндүгүн колдоо үчүн зарыл деп айтылат документте. Мында иш-чаралар коррупция, акчаны жашыруун чыгарып кетүү жана террордук аракеттерди каржылоо көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүгө жардам берет.
Жашыруун аракеттерге каршы күрөшүү демилгесин Германия, Британия, Франция, Италия өзүнө алып, активдерди жашыруу үчүн пайдаланылган компания, фонд, корпорация жана башка каржылык инструменттердин ээлери туурасында маалымат камтылган базаны түзмөй болушту. Мындай чечим офшордук компанияларды уюштуруу менен алектенген панамалык Mossack Fonseca фирмасынын ачыкка чыккан документиндеги маалыматтардан улам кабыл алынды.(AzK)