Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

ТИМ АКШ мамдепартаментинин баяндамасы боюнча билдирүү таратты


Тышкы иштер министрлиги эл аралык жана чет элдик өнөктөштөргө, АКШнын тийиштүү институттарына кеңеш бергени жана бул масштабдуу иште тажрыйбалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирет. Билдирүүдө Кыргызстанда аталган багыттар боюнча көйгөйлөр аз эместиги белгиленип, бирок алар тууралуу өлкөдө ачык айтылып, өкмөттүн жарандык коом менен тыгыз иштешүүсү аркылуу чечилип жатканы айтылат.

“Ошол эле учурда Кыргызстан баяндамадагы айрым баа берүүлөр саясатташып, ачык эле жасалмаланганын орунсуз деп эсептейт. Айрыкча, “мыйзамсыз камоолор”, “саясий жактан көз карашы бар адамдарды бийликтин кысмактоосу” деген жыйынтыктары адилетсиз жана негизсиз. Кызмат адамдарынын жазасыз калышы, абактагы Азимжан Аскаровдун укуктарынын бузулушу, бейөкмөт уюмдарга басым тууралуу байкоолор таптакыр эле орунсуз" деп айтылат докладда.

Билдирүүдө АКШнын департаментине мындай баяндаманы даярдаган авторлорду тандоодо алардын профессионалдуулугуна тыкыр көңүл буруп, алар берген материалдын сапатын арттыруу жагына көңүл бурулуусун сунушталган. "Мындай баяндамада АКШнын өзүндө адам укуктарынын сакталышы боюнча салыштырмалуу анализ жүргүзүү максаттуу деп эсептейбиз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик АКШ Мамдепартаментинин докладын мамлекеттик саясий системасына басым жасоо аракети, саясий шантаж катары кабылданганын белгилейт.

АКШнын мамлекеттик департаменти 2015-жыл үчүн дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстанда сөз эркиндигинин, адам укуктарынын абалы начарлап баратканын кечки сындаган эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG