Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Жапониядагы жер титирөөдөн каза тапкандар саны отуздан ашты


Мындан тышкары 14 -16-апрелде болгон жер титирөөдөн 1500 киши жараат алды. Associated Pressтин маалыматында жүз миңдеген киши электр жарыгы, суусу жок калышты. Соңку маалыматтарга караганда 200гө чукул үй, жер көчкүлөрдөн жол, көпүрөлөр бузулган. Куткаруучулар жана аскер адамдары уранды алдында калган адамдарды издеп жатышат. Бийлик жакын арада Жапониянын түштүк-батышында жаан жаашы мүмкүндүгүн айтып, бул кырдаалды оорлотот деп кооптонууда. Жапониянын Кюсю аралында эки жолку күчү 6,5 жана 7,3 баллдык жер титирөө болгон.

2011-жылдын 11-мартында Жапонияда цунамини чакырган катуу жер титирөө болуп, 15 миңден ашык киши каза тапкан. Жер титирөөнүн кесепетинен “Фукусима” атомдук электр станциясы жарылып, радиациянын чыгуусуна алып келген. (AzK)

XS
SM
MD
LG