Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Германияда мурдагы СССРдин жарандары кепилдик компанияларын алдап кетүүдө


Германияда постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары тарабынан түзүлгөн оорулууга жана майыптарга кам көрүүчү амбулатордук кызматтар Германиянын ооруканалык, кепилдик жана социалдык кассаларын 1 миллиард еврого алдаганы белгилүү болду. Бул боюнча өлкөнүн Кылмыш иштери боюнча федералдык мекемеси жарым жыл бою иликтөө жүргүзгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Германияда оорулууну кароо тармагы орус мафиясына тиешелүү болуп калган. Уюшкан орус-евразиялык кылмыш топтору кепилдик кассаларды алдоонун бир нече ыкмаларын иштеп чыгышкан. Анын ичинде эң кеңири жайылганы көрсөтүлгөн тейлөө боюнча отчетту жасалмалоо жана алдамчылыкка оорулуунун өзүн тартуу болуп саналат.

Ар дайым камкордукка муктаж оорулуулар үчүн кылмышкерлер айына мыйзамсыз тейлөө көрсөткөнү үчүн 15 миң евродон алып турушкан. Мындай кылмыштар өзгөчө Берлинде, Түштүк Рейн аймактарында, Вестфалия жана Төмөнкү Саксонияда тамыр жайган. Немис кепилдик кассалары тарабынан оорулууга төлөнгөн ар бир бешинчи евро орус тилдүү кылмышкерлердин чөнтөгүнө түшүп турган.(AzK)

XS
SM
MD
LG