Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Бишкекте курут фестивалы өтүп жатат

Курут
Курут

Бүгүн Кыргыз-түрк “Манас” университетинде өтүп жаткан бул иш-чара кыргыз улуттук ашканасынын артыкчылыктарын көрсөтүү, Бишкекте жүргөн конок-саякатчыларды улуттук тамак-аш менен тааныштыруу максатын көздөйт.

Анда Кыргызстандагы Ашпозчулар бирлигинин өкүлдөрү курут, шорпо жана даамдуу тамактарды даярдоо боюнча мастер класстарды өтүүдө.

Иш-чараны университеттин Туризм жана мейманкана иштери боюнча жогорку мектеби Туризм департаментинин колдоосу менен уюштурууда.

Курут – Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кычкыл сүт продуктусу болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG