Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

“Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгына катышчу фильмдер белгилүү болду


Тасма тартуу учуру
Тасма тартуу учуру

Бишкекте бул кинофестивалга катыша турган фильмдерди каттоо жыйынтыкталды. Алардын ичинен толук метраждуу 10, кыска метраждуу 25 фильм жана 9 даректүү тасма сынакка катышат.

Кыргызстан кинематографисттер союзунун маалыматына караганда, сынакка 44 фильм келип түштү.

Фестивалга “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаевдин “Жол” аттуу даректүү фильми да катышууда. Анда Түп районунун Долон айылында жашаган, 25 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан 50 жаштагы Кеңешбек Шоруковдун турмушу чагылдырылган.

“Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгынын жыйынтыгы 13-майда чыгарылат. “Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгы быйыл бешинчи ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт.(AzK)

XS
SM
MD
LG