Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

АКШ Гуантанамодогу абакта жаткан 9 йемендикти Сауд Аравияга жөнөттү


Гуантанамо түрмөсү
Гуантанамо түрмөсү

Алардын ичинен бирөө ачкачылык жарыялаган болчу. Пентагондон билдиришкендей, аларды Йемендеги туруксуз абалдан улам мекенине кайтарууга мүмкүн болгон жок. Бирок бардыгынын тең Сауд Аравиясында туугандары бар. Алар атайын реабилитациялык программадан өтүшөт.

Азыр Кубадагы Гуантанамо абагында 80 киши бар. Алардын көпчүлүгү соту жок, айыбы расмий коюлбаган шартта 10 жылдан ашык убакыт жаткандар болуп саналат. Март айынын соңунда АКШнын Коргоо министрлиги андагы 12 кишини башка мамлекеттерге которуу планын жарыялаган.

АКШ президенти Барак Обама бул түрмөнү жабуу тууралуу бир нече ирет сөз кылган. Укук коргоочулар аталган абактагы адам укуктарынын бузулушу туурасында ар дайым айтып келишет. (AzK)

XS
SM
MD
LG