Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Орусия СУ-27 учагы АКШнын самолетуна жакындаган деген маалыматты төгүндөөдө


12-апрелде эки СУ-24 учагы Балтика деңизиндеги америкалык ракеталык кемелердин үстүнөн жакын учуп өткөн.
12-апрелде эки СУ-24 учагы Балтика деңизиндеги америкалык ракеталык кемелердин үстүнөн жакын учуп өткөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги 14-апрелде Су-27 учагы Балтика деңизинин үстүнөн америкалык чалгынчы учакты айланып учканы эл аралык эрежелерге туура келээрин билдирди. Министрликтин өкүлдөрү орус учагы орус чек арасы тарапты көздөй катуу ылдамдыкта бараткан белгисиз учакты аныктоо үчүн жакындаганын айтууда.

Буга чейин АКШнын Европалык куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын өкүлү Дэнни Эрнандес CNN телеканалына маалымат берип, орусиялык СУ-27 учагы ортолук аймакта учуп жүргөн АКШ учагына өтө чукул жакындап, туруксуз жана агрессивдүү маневрлардын жасаганын билдирген.

Бул АКШ менен Орусиянын ортосундагы аскер авиациясына байланыштуу акыркы мезгилдеги биринчи окуя эмес. АКШ тараптын билдиришинче, 12-апрелде эки СУ-24 учагы Балтика деңизиндеги америкалык ракеталык кемелердин үстүнөн жакын учуп өткөн. АКШнын аскер жетекчилери учактар өтө ылдый учкандыктан, сууда изи калганын билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги өз учкучтарын коргоп, алар тараптан бардык коопсуздук чаралары сакталганын маалымдаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG